Жашыруун кумарканаларды аныктоо тапшырылды

22-Фев. 2018, Бейшемби, 17:44

Бүгүн, 22-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечиминде белгиленген, аталган кызматын алдында турган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

«Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо, алардан акча доолап алуу максаты менен козголуп жатканы боюнча фактылар бар. Жарандардын жана таза иштеген ишкерлердин силердин кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине болгон арыздары токтобой келет. Ошондой эле чакан жана орто ишкерликтин таза иштебеген өкүлдөрүнүн иштерин жаап-жашыруу фактылары дагы бар», - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал Каржы полициясынын контрафакт спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу, жашырынып иштеген кумар оюндар жайларын аныктоо, аймактарда күйүүчү майларды аткезчилик жолу менен ташуу фактыларын алдын алуу боюнча жетишсиз жумушун белгилеп, бул багыттагы ишти күчөтүүнү талап кылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!