Исаков аскер институтуна барды (фото)

Исаков аскер институтуна барды (фото)
24-Фев. 2018, Ишемби, 12:20

Кечээ, 23-февралда премьер-министр Сапар Исаков Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институтун көрүп келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы Абаны коргоо Күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин жана аскер институнун курсанттарын Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Сапар Исаков өз сөзүндө мекенди коргоочулар Кыргызстандын бекем тиреги жана коргоочусу деп белгиледи.

«Сиздер республикабыздын чыныгы патриотторусуңар. Мен силердин кызматыңар жана эрдигиңер үчүн терең таазим этем. Сиздер өлкөнүн Куралдуу Күч катарларында туруп, оңой эмес жана жоопкерчиликтүү кызмат кылып жалпы коомчулуктун коопсуздугун сактап турасыңар. Ушул күнү мен үй бүлөңүздөргө жана жакындарыңыздарга бакубатчылык каалайм. Кыргызстаныбызда тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн», – деди Исаков.

Ошондой эле премьер-министр окуу мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап мультимедия окуу каражаттары менен жабдылган окуу бөлмөлөрүн карап чыкты. Жыйынтыгында Сапар Исаков аскер институтуна керектүү жабдууларды белек кылып, окуу шарттарын жакшыртууга колдоо көрсөтөөрүн маалымдады.






Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
​16-декабрь: күн суук болуп, кар жаайт
Жамшитбек Калилов:
Жамшитбек Калилов: "Жумушсуз калбайм деген ойдомун" (видео)
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Ырчы Кулипа Керимбаева: “Жашоо өзү театр, ал жашоодо ар кандай”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
Украина: “Россияга поезд каттамдары токтотулсун”
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
“Facebook” желеге 7 миллион колдонуучунун сүрөттүн жарыялады
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетти
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Президентке, өкмөткө каршы акциялар кайра жанданды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
Вице-спикерликке Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
“Brabus” дүйнөдөгү эң кымбат жол тандабасты курду
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
​Калктын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
30 кабаттык мейманкана 15 күндө курулду
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
​Бишкек мэриясы 301,2 млн. сомго автобус сатып алат
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Өкмөттө ИДП көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Банкоматтардан акча чыгарууга чектөө киргизилди
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине көңүл айтты
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу
Эске сактоо жөндөмүн жакшыртуунун эң оңой жолу