​Дотацияга кирген айыл өкмөттөрдүн саны өстү

​Дотацияга кирген айыл өкмөттөрдүн саны өстү
24-Фев. 2018, Ишемби, 12:51

Өлкөдөгү айыл өкмөттөрдүн 84 пайызы дотацияда отурат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров Өкмөттүн жалпы жыйынында айтты.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын 483 айыл өкмөтүнүн 382 айыл өкмөтү дотацияда отурат. Өлкөдөгү айыл өкмөттөрдүн дээрлик 84 пайызы борбордук казынага көз каранды болуп калган. Айрыкча айыл өкмөттөрдү мындай абалдан чыгаруу үчүн 2013-17-жылдарга карата кабыл алынган атайын программа да буга жардам бербегенин айтат. Тескерисинче төрт жылдын ичинде дотацияга кирген айыл өкмөттөрдүн саны өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!