​Фильмдин мазмуну боюнча мыйзам чыкты

​Фильмдин мазмуну боюнча мыйзам чыкты
28-Фев. 2018, Шаршемби, 11:07

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам кинематография чɵйрɵсүндɵгү мыйзамдардагы ченемдерди тактоо, карама-каршылыктарды жоюу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан 10-январда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга тɵмɵндɵгү ɵзгɵртүүлɵр киргизилген:

-Мыйзамдын 3-беренесинин 6-бɵлүгү тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалган:
“Фильмдин продюсери – республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин ɵзүнɵ алган жеке же юридикалык жак”. Бул ɵзгɵртүү фильмди каржылоодо, тартууда жана жүгүртүүдɵ демилге кɵтɵрүп, жоопкерчилигин алып, республикалык бюджеттен каржыланган учурда мамлекеттик уюмдун жетекчиси продюсер катары катталып калган учурларды болтурбоо максатында киргизилген;

- Мыйзамдын 5-жана 6-беренелериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында 5-берененин 2-абзацындагы “Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө,” деген сɵздɵрдɵн кийин “ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо” деген сɵздɵр менен толукталган;

-Мыйзамдын 6-беренесинин 1-абзацы тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалган:
“Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен ɵзгɵртүүгɵ, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттɵɵгɵ тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт”.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды
Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аял кармалды
Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму уланат
Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму уланат
Журналист Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды
Журналист Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды
АКШ менен Кытай соода боюнча макулдашты
АКШ менен Кытай соода боюнча макулдашты
Дүйнөнүн эң бай адамы эми Арно болуп калды
Дүйнөнүн эң бай адамы эми Арно болуп калды
Беттеги тактарга жана бырышка каршы маска
Беттеги тактарга жана бырышка каршы маска
Былтыр 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди
Былтыр 1.1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилди
Улуттук энерго холдинг мыйзамсыз майнинг-ферманы тапты
Улуттук энерго холдинг мыйзамсыз майнинг-ферманы тапты
Декабрь айында инфляциянын деңгээли 3,1 пайызды түздү
Декабрь айында инфляциянын деңгээли 3,1 пайызды түздү
​15 жаштагы Кори Гофф кайрадан жеңишке жетишти
​15 жаштагы Кори Гофф кайрадан жеңишке жетишти
Суунун ден соолукка пайдасы
Суунун ден соолукка пайдасы
Быйыл Бишкектен ажылык сапарга 460 адам барат
Быйыл Бишкектен ажылык сапарга 460 адам барат
Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй балдар менен окуса туура болот
Бекешев: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнөкөй балдар менен окуса туура болот
2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түздү
2019-жылы ИДӨнүн көлөмү 590 млрд сомду түздү
Соттолгондордон акча алып жүргөн пробация органынын кызматкери кармалды
Соттолгондордон акча алып жүргөн пробация органынын кызматкери кармалды
Аскаров: Такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн  күч-аракеттерди жумшайбыз
Аскаров: Такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн күч-аракеттерди жумшайбыз