Фрунзе көчөсүнө каттам жүргүзүү сунушталды

1-Март 2018, Бейшемби, 17:09

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Бишкек шаарындагы Фрунзе, Толстой көчөлөрү сыяктуу маршруттук таксилер жүрбөгөн көчөлөр бар экенин айтып чыкты.

Анын айтымында, борбор калаада жаңы автобус, троллейбустар алынганда бул маселени эске алуу керек.

Андан сырткары, Эргешов маршруттук таксилердин ар кандай жол эрежелерин бузуп жаткандыгын тизмектеп, аларды теске салуу зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми дагы бир депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруттук таксинин жүргүнчүлөрү аялдамадан эмес, жолдун ортосунан түшкөнүнө нааразы экенин билдирди.

“Маршруттук таксилердин жүргүнчүлөрү жолдун ортосунда түшүп жатышат. Бул кооптуу абалды жаратат. Эгер жакын турган унаа жүрүп кетсе, түшүп жаткан кишилерди тебелеп кетсе эмне болот?”,- дейт Жолдошбаев

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!