Психикалык саламаттык боюнча программа бекитилди

2-Март 2018, Жума, 13:59

Кыргызстандын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Өкмөтүн программасы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөтүн токтомуна премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Аталган чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды. Программанын максаты психикалык саламаттыкты чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону болтурбоо, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ылдам, комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү, адам укугун сактоо, психикасы бузулган адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү, ооруга чалдыгуусун жана майып болушун төмөндөтүү болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!