​Быйыл жаңы жумуш орундарын түзүүгө басым жасалат

6-Март 2018, Шейшемби, 16:58

Бүгүн, 6-мартта вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Президентин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин экинчи көчмө жыйынында күчтүү аймактар – экономикалык жактан өнүккөн өлкөнүн мыкты таянычы экенин билдирди. Бул туурасында өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Анын айтымында, 2018-жылы аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө басым жасалат.

«Президентин аталган жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты катары мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен ага ылайыкташтыруу болуп саналат. Буга катар ар-бирибиз Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагындагы иш-чараларды иш жүзүнө ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек. Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүүдө республиканын аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана карапайым жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн өбөлгөлөр түзүлөт», – дейт Муканбетов.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча президентин жогоруда аталган жарлыгында каралган иш-чаралардын өз учурунда жана толук кандуу аткарылышына багытталган бир катар чечимдер кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!