​Депутат: "Эпидемия жайылуу коркунучу бар"

7-Март 2018, Шаршемби, 11:37

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан бир тамчы суу келбегендиктен, бул аймакта эпидемия жайылуу коркунучу бар деп айтып чыкты.

Анын айтымына караганда, аталган райондогу Орто-Токой суу сактагычынан бир тамчы дагы суу келбей, 3 айыл өкмөттүн эли, малы дагы суу иче албай, тургундар сууну Сумсар сайынан чакалап ташып келүүгө аргасыз болуп жатышат. Абал өзгөрбөсө, бул аймакта эпидемия жайылуу коркунучу бар.

«Орто-Токой суу сактагычы толугу менен кыргыз тараптын башкаруусуна өтөт деп сүйүнүп жатпадык беле? Биз бул боюнча эки тараптуу келишимди ратификациялап бергенбиз. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат»,- дейт Пирматов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!