Ашыр Чокубаевди 13-мартта акыркы сапарга узатышат

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:59

Эртең, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыр Чокубаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында болот. Ага белгилүү актёрлор, маданият өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, Ашыр Чокубаев кечээ, 11-мартта 71 жашында дүйнө салган. Ал 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Актёр “Ак илбирстин тукуму”, “Курманжан датка” жана башка фильмдерде роль жараткан. Негизи ал Казакстанда тартылган кинолорго көп катышкан. Актёрдун артында 2 уулу калды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!