​Бешбармактын видеосу Гиннес китебине жиберилет

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:06

Бир тонна бешбармактын видеосу Гиннестин рекорддор китебине жиберилет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Анын айтымында, Гиннестин рекорддор китебине кыргыздын бешбармагын киргизүү талаптары толугу менен аткарылып, жакынкы күндөрү видеосу жиберилет.

“Бешбармак даярдоонун бардык процессин видеотасмага алып, аны англис тилине которуп, Гиннеске жиберүү талабын тандап алып, жибермекчибиз. Ага ылайык, биздин ишибизге белгилүү он медиа өкүлчүлүгү, Швециядан келген эки ашпоз күбө болуп, алардын катышуусу менен жылкы союлгандан тартып, бардык процесс видео тасмага алынды. "Арт" студиясы даярдаган видеотасма бүгүн-эртең Гиннеске жиберилет”,-деди уюштуруучулардын бири Элнура Кулиева.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-мартта Бишкекте 1 тонна 464 кг бешбармак жана 117 метр чучук жасалып, ага 40дан ашуун ашпозчулар, жүздөгөн ыктыярчылар тартылган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!