​Исаков бир катар министрлерге сөгүш жарыялады

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:26

Премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, министрлик жана административдик ведомстволордун бир катар жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Өкмөтүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды: Төмөнкүлөргө сөгүш жарыялансын:

Самат Бөрүбаевге - Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Уран Ахметовго – Юстиция министри;

Бактыбек Секимовго –Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

Азамат Эркебаевге - Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Илияз Ташбаевге - Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы.

Өкмөтүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбоо үчүн Өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге белгиленген тартипте сөгүш жарыяланды.

2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды:

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Адылбек Касымалиевге –Финансы министри;

Төмөнкүлөргө катуу сөгүш жарыялансын:

Артем Новиковго –Экономика министрине;

Гүлмира Кудайбердиевага –Билим берүү министри;

Нурбек Мурашевге – Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Уланбек Рыскуловго – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Абдыкалык Рустамовго – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бактыбек Абдиевге – Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Өкмөтүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!