Жашыруун маалымат жөнүндө мыйзамга кол коюлду

14-Март 2018, Шаршемби, 12:13

Президент Сооронбай Жээнбеков 2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында "Жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган КМШнын алкагында жашыруун маалыматты сактоо тууралуу макулдашуу КМШ органдарына бул уюмга мүчө мамлекеттерине берилүүчү жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган. Ошондой эле кызматташуунун жүрүшүндө колдонулуучу маалыматтын жашыруундук даражасы, жашыруун маалыматты сактоо жана аны берүү чаралары аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-январда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!