Жээнбеков менен Назарбаев Астанада жолугушту

15-Март 2018, Бейшемби, 17:44

Бүгүн, 15-мартта, Казакстандын борбору Астана өтүп жаткан Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта президенттин аппаратынан кабарлашты

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргызстандын президенти менен акыркы жолугушуудан кийин эки тараптуу бардык маселелер чечилгендигин, Жол картасы иштеп жаткандыгын белгиледи.

“Биз мындан ары дагы бардыгы жакшы болот деп ишенебиз. Сиз Тажикстандын жана Өзбекстандын Президенттери менен жолугуштуңузю Мунун баары элдердин бакубатчылыгы үчүн жасалып жатат. Бүгүн беш өлкөнүн башчылары жолугушат. Аларда экономика, соода, инфраструктура жана логистика маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүк болот”, -деп баса белгиледи Назарбаев.

Сооронбай Жээнбеков Назарбаевди Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков эки өлкөнүн алдында турган жалпы маселелер азыркы глобалдуу коркунучтарга жана аймактагы чакырыктарга каршы турууда күч аракетти бириктирүүгө, ошондой эле жарандардын, капиталдын, инвестициянын жана эмгек ресурстарынын эркин жылып жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүү зарылчылыгын талап кылып жаткандыгын белгиледи.

“Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын Астанадагы бүгүнкү жолугушуусу чындыгында эле тарыхый окуя. Бул жолугушуу аймактагы өлкөлөр ортосунда өз ара мамилелерди бекемдөөдө олуттуу милдет өтөп, жакынкы аралыкка кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт деп терең ишенем. Өз кезегинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда өз ара ишенимдүү диалогду бекемдөөгө чечкиндүүлүгүмдү ырастайм. Учурда күн тартибинде турган маселелер мамлекеттерибиздин кызыкчылыктары жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чечилет деп ишенем”, -деп баса белгиледи Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!