​Бишкек «Ноорузду» кантип белгилейт?

16-Март 2018, Жума, 11:52

Бишкекте 21-март "Нооруз" майрамына карата өтө турган маданий иш-чаралардын программасы жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Майрамга карата "Илбирс" имараттарынын аркалары кооздолуп, аянттагы фонтандар күйүп туруучу композициялар менен жасалгаланат. Андан сырткары, Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин композициялык фигуралар коюлуп, шаардын негизги көчөлөрүнө атайын жазуулар илинмекчи.

Программа:

21-мартта саат 10:00дө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында кол өнөрчүлөрдүн жасаган эмгектеринин көргөзмөсү болот. Кыргызстандын аймагында жашаган элдин коомдук бирикмелери чыгармачылыгын тартуулап концерт коёт.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги саат 10:00дө Курманжан датканын айкелинин алдында дипломатиялык корпустун катышуусу менен кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт.

Саат 11:00дөн 14:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара өтүп, шаардагы чыгармачыл топтордун концерти менен коштолот. Андан сырткары, борбор калаанын райондорунун ар биринде Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта улуттук тамактардын майрамдык көргөзмөсү болот.

Ал эми саат 12:00дө шаар тургундары менен коноктору үчүн майрамдык концерт өтөт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!