​КТРКнын “Салам Кыргызстан” телеберүүсү жабылды

16-Март 2018, Жума, 14:16

Коомчулуктун сынына кабылган КТРКнын “Салам Кыргызстан” телеберүүсү жабылды. Бул тууралуу КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Салам Кыргызстан" көрсөтүүсү боюнча маалымат берүүнү чечтим. Интернет булактарында таркап, талкууга алынып жаткан ырчы Клара Алибекова жана "чыпалак баатыр" боюнча көрсөтүүлөрдү карап чыгып төмөнкүнү билдирем.

Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү бир жылдан ашык мурда болгон экен. Бирок бул көрсөтүүнү жана "чыпалак баатыр" жөнүндө болгон окуяны мен дагы туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алып жана дагы башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алып "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алдым. Тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөрүн дыкаттык менен карап чыгып, эфирге чыгарабыз. Ал эми көрсөтүүнүн концепциясын, алып баруучуларын кайра карап чыгып, көркөм кеңештин кароосуна жөнөтүлүүсү сунушталды.

Биздин туруктуу көрөрманыбыз болуп, конструктивдүү сын-пикир берип, көрсөтүүлөрүбүздүн жакшыруусуна чоң салым кошуп атканыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем!

Урматым менен!”,-деп жазат Карыпбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!