Үч сулууга суктангандар көбөйдү (видео)

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:55

Бишкек шаарынын жанындагы Боз-Бөлтөк тоосунда таштанды чогултуп жүргөн 3 жаш кыздын видеосу интернетке тарады.

Тасмада көрүнүп тургандай, 3 жаш кыз таштандыга чөмүлгөн жайды тазалап жүргөндүгүн көрүүгө болот.


Бул тасмага кайдыгер эместердин бардыгы акцияга ыктыярчы катары кошула алышат. Бул үчүн ар бир аймакта WhatsApp тиркемесинде расмий топтор түзүлгөн. Төмөндө алардын шилтемелери келтирилген.

Иш-чаралар Кыргызстандын жалпы аймагында өтөт.

“Таза Ысык-Көл” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/KB9V9gfY8C8Dr7WGVhASFa

“Таза Ош” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/5UCUsMglZjlL8DEitCsRNW

“Таза Чүй” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/9RS2XWN8CrvAuAc1owvtiU

“Таза Талас” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/5Yuo3nDcZGj9gPAVafw5Rf

“Таза Нарын” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/FO4cwu7gbIH4R2Qg0cyVfJ

“Таза Жалал-Абад” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/4zkurEhAbNm7CsoUxxUs58

“Таза Баткен” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/4tWT6bMpZKU5rBLmF7EX5b

Маалымат үчүн: “Таза жашоо” улуттук кампаниясы үстүбүздөгү жылдын 3-мартында башталган. Ал премьер-министр Сапар Исаков тарабынан демилгеленген. Тактап айтканда, 1-марттан 31-майга чейин Өкмөт мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясын өткөрүүдө.

«Таза Жашоо» кампаниясынын алкагында аймактарды көрктөндүрүү пландаштырылууда, ал өзүнө айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү, курулуш жана башка таштандылардын түрүн тазалоо, жөө жүргүнчүлөр жолдорун куруу, ошондой эле жашылдандыруудан тартып, суу чыгаруу, рекультивация, унаа токтотуучу жайларды куруу, имараттарды, балдар аянттарын, ошондой эле «кичи архитектуралык формалар» аталчу обьектилерди сырдап-түзөө сыяктуу аймакты инженердик көрктөндүрүү боюнча чараларды камтыйт.

Өкмөт коомдук уюмдарды, экологдорду, жарандык активисттерди, өлкөнүн экологиялык, санитардык абалына, ошондой эле анын тышкы көрүнүшүнө көңүлкош карабаган бардык жактарды үч айлыкка активдүү катышууга чакырууда.

«Таза жашоо» алкагында сынактар өткөрүлүп, ал боюнча Байге фонду кампаниянын уюштуруу комитети тарабынан аныкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!