​Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөштү

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:51

Бүгүн, 19-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты

Жээнбеков Путинди Россия Федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу жана ошондой эле Россия Федерациясында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын талкуулашты.

Эскерте кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Владимир Путинди куттуктаган. Андан сырткары Кытай, Жапония, Куба, Боливия, Венесуэла, Сербия, КМШ өлкөлөрү лидерлери куттуктагандыгы кабарланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!