Судьяларды дайындоо жарлыгына кол коюлду

20-Март 2018, Шейшемби, 11:16

Судьяларды тандоо кеңеши президент Сооронбай Жээнбековго Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 5 талапкерди сунуштаган. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-мартта мамлекет башчысы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 3 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 2 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берген.

Мамлекет башчысы жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлер жана Жалал-Абад облустук сотунун айрым судьялары боюнча үч Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан 9 судьясы кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктары 7-марттан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен 3 талапкер - Азамат Абдраимов, Абдимиталип Абылакимов, Шаршенбек Камбаров Конституцияга ылайык мөөнөткө жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Жалал-Абад облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!