Жабыркагандардын арасында кыргыз жараны жок

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:26

Россиянын Кемерово шаарында жайгашкан “Зимняя вишня” соода борборунда чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, 25-март күнү жогоруда аталган соода борборунда өрт чыгып, анын кесепетинен улам 37 адам каза болгон. Андан тышкары, 20 адам куткарылып, 100 адам эвакуацияланган, 40 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Соода борбордо дагы 69 адам дайынсыз болууда, анын ичинде 40ка жакын жаш бала бар.

Өрттүн жалпы аянты 1500 чарчы метр аянтты түзгөн. Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Мындан улам өрттөн курман болгондордун саны да көбөйүшү ыктымал деген чочулоо бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!