Кыргызстан-Өзбекстан: өкмөт башчылар жыйын курат

28-Март 2018, Шаршемби, 13:11

29-мартта премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйынынын ишине катышат. Өзбек делегациясынын башында өлкөнүн премьер-министр Абдулла Арипов турат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Кеңеш эл аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын кызматташтыгын кеңейтүү максатында 2017-жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке келген мамлекеттик сапарында Кыргызстандын чектеш облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү боюнча кол коюлган кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга ылайык түзүлгөн.

Алгачкы Кеңештин жыйынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш регоиндордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!