Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан 43 гектар жер турак жай фондуна которулду

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан 43 гектар жер турак жай фондуна которулду
01.06.2023

1-июнь 2023-жыл-Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2-май 2023-жылдагы 240-жылдагы токтому боюнча Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айыл аймагынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 43 гектар кайрак айдоо жерин трансформациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул жерлер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган.

Кабыл алынган чечимдин максаты Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймагын кеңейтүү болуп саналат.

Токтомго ылайык Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына:

  • жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
  • бул жерлер үчүн шаар куруу документтерин жер мыйзамдарына ылайык иштеп чыксын жана бекитсин.