Кыргыз тасмалары Иранда көрсөтүлөт

3-Апр. 2018, Шейшемби, 23:07

19-27-апрелге чейин Ирандын борбору Тегеранда өтө турган "Фадж" кино фестивалына режиссёр Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы менен Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы катышат. Бул тууралуу Кыргызфильм студиясынан билдиришти.

Фестивалдын максаты Борбор Азиядагы таланттуу режиссёрлорду колдоп, жаңы жана сапаттуу тасмаларды коомчулукка жайылтуу.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган эки фильм тең бир канча Эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келген.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!