"Дарак ыры" тасмасы Москвада көрсөтүлөт

5-Апр. 2018, Бейшемби, 22:26

Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан “Дарак ыры” мюзиклинин эл аралык бет ачары Москва кино фестивалында болот. Бул тууралуу Гульбара Толомушова билдирди.

Анын айтымында, 40чы эл аралык кино фестиваль 19-26-апрелге чейин Москвада өтөт. “Дарак ыры” расмий сынактан тышкаркы “Спектр” программасына киргизилген.

Жаш режиссер Айбек Дайырбековдун Борбор Азия боюнча биринчи “Дарак ыры” кыргыз мюзиклин 2018-жылдын март айында көрсөтүлгөн. Азыркы тапта Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!