«Оушендин 8 курбусу» фильминин жаңы трейлери чыкты

14-Апр. 2018, Ишемби, 13:29

“Warner Bros” компаниясы режиссер Гэри Россанын "Оушендин 8 курбусу" фильминин жаңы трейлерин жарыялады. Анда көптөгөн кечки көйнөктөр менен жылдыздарды көрүүгө болот. Алардын катарында Сандра Баллок, Рианна, Энн Хэтэуэй, Кейт Бланшетт, Хелена Бонэм Картер, Сара Полсон жана башка белгилүү актерлор катышан.

Авантюрист жана кылмышкер Дебби (Баллок), түрмөдөн эрте чыгып, кайрадан эски адатына кайтып келип өзүнө команда топтойт. Алардын жардамы менен Нью-Йорктогу "Met Gala”дан асыл ташты уурдого аракет кылат.


Фильмден Дакота Фаннинг, Мэтт Дэймон, Анна Винтур, Ким Кардашьян, Кендалл жана Кайли Дженнер, Оливия Манн сыяктуу жылдыздар да байкалат.

Эскерте кетсек, «Оушендин 8 курбусу» Дэнни Оушен («Оушендин 11 досу» жана башкалар) тууралуу белгилүү трилогиянын уландысы. Бирок, азыр анын карындашынын тегерегинде окуялар өөрчүйт. Көрөрмандар жаңы фильмди 21-июндан баштап кинотеатрлардан баа берип, көрө алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!