Сталлоне бешинчи жолу “Рэмбо" болот

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 10:18

“Рэмбо-5” фильминин сюжети боюнча башкы каарман Мексикадагы уюшкан баңгизат ташымалдоочулар менен күрөшөт. Тартуу иштери сентябрь айында башталат.

Америкалык актер Сильвестр Сталлоне “Рембонун” бешинчи бөлүгүнө тартылууга даяр.

Сталлоне ошондой эле картинанын сценаристи да болмокчу жана режиссер да болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, эң алгачкы “Рембо” фильми чоң экрандарга 1982-жылы чыга баштаган. Андан кийин үч фильм – 1985, 1988 жана 2008-жылы чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!