Канн кинофестивалынын мыкты актрисалары

Канн кинофестивалынын мыкты актрисалары
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 09:06

71-Канн кинофестивалынде режиссер Сергей Дворцевойдун "Айка" аттуу картинасында башкы ролду аткарган казакстандык Самал Еслямова мыкты актриса деп таанылды.

Ушундайча Самал Еслямова Канн фестивалы тарыхындагы 90-мыкты актриса болуп аталды. Бул номинация кинофестиваль 1946-жылы түзүлгөндөн бери бар.

Эң алгач эле «Пастораль симфония» фильминин актрисасы Мишель Морган Гертруда ролу үчүн ээ болгон. Сиздер үчүн Канн фестивалынын тарыхындагы мыкты деп аталган белгилүү актрисаларды сунуштайбыз.

1951-жыл – Бетт Дейвис (АКШ) «Ева» фильми, Марго Ченнингдин ролу үчүн

1961-жыл – Софи Лорен (Италия) «Чочара» фильми, Чезиранын ролу үчүн

1962-жыл – Кэтрин Хепбёрн (АКШ) «Узак күн түнгө уланат» фильми, Мэри Тайрондун ролунда

1966-жыл – Ванесса Редгрейв (Улуу Британия) «Морган: терапияга арналган аялуу учур» фильми, Леони Делттин ролунда жана 1969-жылы «Айседора» фильми, Айседоранын ролу үчүн

1973-жыл – Джоан Вудворд (АКШ) «Влияние гамма-лучей на поведение маргариток» фильми, Беатрис Хансдорфердин ролу үчүн

1987-жыл – Барбара Херши (АКШ) «Уялчак адамдар» фильми, Руттун ролунда

1989-жыл – Мерил Стрип (АКШ) «Карангыдагы кыйкырык» фильми, Линда Чемберлендин ролу үчүн

1993-жыл – Холли Хантер (АКШ) «Пианино» фильми, Ада Макграттын ролу үчүн

1995-жыл – Хелен Миррен (Улуу Британия) «Георг королдун шумдугу» фильми, Шарлоттанын ролу үчүн

2000-жыл – Бьорк (Исландия) «Карангыдагы бийчи» фильми, Сельма Жескова

2001-жыл – Изабель Юппер (Франция) «Пианист кыз» фильми, Эрика Кохуттун ролунда

2006-жыл – Пенелопа Крус Раймунданын ролу үчүн, Кармен Маура Ирендин ролу үчүн, Лола Дуэньяс Соледаддын ролу үчүн, Чус Лампреаве Паула эженин ролунда, Бланка Портильо Агустинанын ролу үчүн (Испания) «Кайтып келүү» фильми

2010-жыл – Жюльет Бинош (Франция) «Верн көчүрмөсү» фильми

2011-жыл – Кирстен Данст (АКШ) «Меланхолия» фильми, Жюстиндин ролунда

2014-жыл – Джулианна Мур (АКШ) «Жылдыздуу карта» фильми, Гавана Сегранддын ролунда

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди