“Город лжи” фильминин трейлери чыкты

“Город лжи” фильминин трейлери чыкты
23-Май 2018, Шаршемби, 14:36

“Global Road Entertainment” студиясы Джони Депп аткарган детектив жанрындагы "Город лжи" триллеринин эң алгачкы трейлерин жарыялады.

Фильм чыныгы окуялардын жана Рамита Наваинин китебинин негизинде тартылган.

90-жылдардын аягында Лос-Анджелес тууралуу жана америкалык хип-хоп аткаруучу "The Notorious B.I.G.” (чыныгы аты - Кристофер Джордж Латор Уоллес) өлүмү тууралуу баяндалат. Ал Тупак Шакурдун өлүмүнөн кийин көп өтпөй көз жумган.


Тасмада Депптен сырткары Форест Уитакер, Дейтон Калли, Нил Браун-кичүүсү жана Шей Уигем роль жаратышкан.

Детектив триллердин режиссеру Брэд Фурман. Филь ушул жылдын күз айында чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!