Миллиардерлер тууралуу фильм тартылат

Миллиардерлер тууралуу фильм тартылат
24-Май 2018, Бейшемби, 15:27

“Трансформер” фильминин режиссеру Майкл Бэй миллиардерлер тууралуу фильм тартмакчы. Тасмада башкы ролдордун бирин “Дэдпул”дун башкы каарманы Райан Рейнольдс аткарат. Бул тууралуу “The Hollywood Reporter” маалымдайт.

Картинанын үстүнөн “Netflix” компаниясы иш алып бармакчы. Лента “Six Underground” деп аталмакчы.

Фильмдин сценарийин Рид Риз жана Пол Верник жазышат, буга чейин алар “Дэдпул” тууралуу эки фильмде иштешкен.

Маалыматка ылайык, фильмде алты миллиардер айланасындагы окуялар тууралуу баяндамакчы, анда алар кылмышка каршы күрөштү чечүү үчүн өздөрүн жасалма түрдө өлдү кылып анан иш алып барышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!