Чыныгы сүйүүнү издеген Филипп ханзада

Чыныгы сүйүүнү издеген Филипп ханзада
26-Май 2018, Ишемби, 15:20

«Распрекрасный принц» (Charming) – чыныгы сүйүүнү издөөгө арналган музыкалык анимациялык комедия. Фильмде Sia, Аврил Лавин, Деми Ловато, Эшли Тисдейл, G.E.M. сыяктуу белгилүү аткаруучулардын ырлары жаңырат.

Филипп атуу ханзада тууралуу окуя. Кичинекей кезинде алган каргыштын кесепетинен жашоосуна жолдош болчу кызды таба албайт. Бирок, ага ашык болгон сулуулар жетиштүү. Атасы талап коёт: 21 жашка толгончо кыз таппаса, тактын мураскору деген атактан айрылат.


Мультфильм “Снегурочка”, “Спящая красавица” жана “Золушка” тууралуу жомоктордогу Филипп ханзада менен байланыштуу болгон, мурун айтылбаган окуяларды баяндайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!