Заманбап "Падыша Лир"

Заманбап
28-Май 2018, Дүйшөмбү, 11:52

Шекспирдин чыгармалары чыныгы шедевр катары өзүнө тартып турат. Анын чыгармаларын өздүк көз караш менен жеткиргиси келгендердин катарында режиссер Ричард Эйр да бар. Ал атактуу "Падыша Лир" трагедиясын экран бетине алып чыкты.

Британиялык “BBC Two” каналынын атайы сунушу менен жүзөгө ашкан жободо башкы ролду Оскар сыйлыгынын ээси Энтони Хопкинс аткарат.


Мындан сырткары фильмге Эмма Томпсон, Эмили Уотсон, Флоренс Пью, Джим Бродбент, Эндрю Скотт менен Кристофер Экклстон сыяктуу актерлор катышкан. Бир кызыгы "Падыша Лир" – Шекспир пьесасынын заманбап жашоого адаптацияланган нускасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!