"Хан Соло" фильми начар башталдыбы?

29-Май 2018, Шейшемби, 13:03

"Хан Соло: Звездные войны. Истории" фильми Американын прокатында биз күткөндөн начар старт алды. Алгачкы дем алыш күндөрү картина 83 миллион доллар гана жыйнаган.

"Звездных войн" жобосунун арасындагы бул фильм эң начар жыйынтык көрсөткөндөрдүн бири болду. Салыштыруу үчүн "Изгой-один: Звездные Войны. Истории" деп аталган биринчи тасма дем алыштын биринчи жумасы 155 миллион доллар жыйнаган.

Ал эми эл аралык аренада фильм 65 миллион доллар гана жыйнаган. Кытайда аталган фильмдин аталышын өзгөрткөнүнө карабастан «Хан Соло» 10,1 миллион доллар таап, лидерликке да жете алган эмес.

Белгилей кетсек, алдын-ала божомолдор боюнча фильм өз мекениндеги алгачкы дем алышта 130 дан 150 миллион доллар чогултаары күтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!