Көрүүчүлөрдүн маанайына жараша өзгөргөн фильм

Көрүүчүлөрдүн маанайына жараша өзгөргөн фильм
31-Май 2018, Бейшемби, 10:17

Британдык режиссер Ричард Рамчёрн сюжети аудиториянын маанайына жараша өзгөрө турган фильм тарткан. «Момент» аттуу фильминде жакынкы келечектеги адам менен компьютердин ортосундагы байланыш көнүмүш адатка айланган убакыт тартылган. Мындай системанын пайда болушу адамды башкача ойлорго алып барып, коомду өлүмгө түртүп жатат.

Сюжеттин өнүгүшү боюнча адам менен компьютер ортосундагы байланышты аныктоо. Адамдын башына тагылган атайы аппараттын жардамы менен мээдеги маалыматты окуп, аны компьютерге берип турат. Ал эми программа окуянын андан ары өнүгүшүн, кайсы музыка жаңырары жана башкаларды башкара баштайт.

Режиссердун пикири боюнча, көрүүчүлөр фильмдин финалына эч кандай өзгөртүү киргизе алышпайт. Фильмдин премьерасы 7нен 12-июнь айында Эл аралык Шеффилде өтө турган документалдык кинолордун фестивалында сунушталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!