“Кек алуучулар” жана “Гарри Поттер” биригеби?

“Кек алуучулар” жана “Гарри Поттер” биригеби?
1-Июнь 2018, Жума, 11:03

“Кек алуучулар 3” блокбастеринин расмий премьерасы чыга электе рекорд орноткон фильмдин аягы тынчый электе кызыктуу жаңылык пайда болду.

95 жаштагы комикс жаратуучусу Стэн Ли «Кек алуучулар» жана «Гарри Поттер» тууралуу фильмдеринин сериясынан турган комбинация сунуштады. Албетте, кроссовер – өтө кызыктуу нерсе, бирок эки башка окуяны же таптакыр башка ааламды кандай айкалыштырууга болот?

Ли “Гарри Потердин” автору жазуучу Джоан Роулинге ушундай кроссоверди куруу тууралуу сунуштаган жанан анын жакшы жыйынтык береринен күмөн санабайт.

«Джоан, эгер Доктор Стрэндж же "Люди Икс”ти Хогвартска жумуш иштөөгө жиберүүнү кааласаңыз, мага кабар бериңиз. Алар Волан-де-Mорт менен күрөшө алышат деп ойлойм», - деп жазган Ли “Twitter”ге.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!