Жаздын акыркы премьерасы

Жаздын акыркы премьерасы
6-Июнь 2018, Шаршемби, 14:07

Жаз айынын акыркы уикендинде Дженнифер Лоуренс ойногон шпиондук триллер жарык көрдү.

«Красный воробей» (Red Sparrow) - Френсис Лоуренс режиссерлукту аркалаган америкалык триллер. Фильм Джейсон Мэттьюстун романына негизделген.

Фильмдин сюжети Россиянын чалгын кызматынын офицери Доминика Егорова тегерегинде курчуйт. Ага берилген тапшырмада – Россияда жүргөн, Американын борбордук чалгындоо башкармасынын агенти Натаниэль Нэштин бетин ачуу. Бирок алардын мамилеси сезимге айланып, эки өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Фильмде Дженнифер Лоуренс менен Джоэл Эдгертон башкы ролду аткарышты. Алардан бөлөк Джереми Айронс, Шарлотта Рэмплинг, Маттиас Шонартс жана башка актерлор да бар. Бул режиссер Френсис Лоуренс менен актриса Дженнифер Лоуренстин ушул менен төртүнчү чыгармачылык тандеми. Буга чейин режиссердун колунан актриса башкы ролдо ойногон «Голодные игры» трилогиясы чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!