“Человек-пауктун” мультфильми жарык көрдү

“Человек-пауктун” мультфильми жарык көрдү
8-Июнь 2018, Жума, 09:58

“Sony” компаниясы “Человек-паук: Через вселенные” мультфильминин жаңы трейлерин жарыя кылды. Видео 6-июнь күнү “Уoutube”дун “B&H Film Distribution Company” каналына жүктөлгөн.

Мультфильмдин башкы каарманы мектеп окуучусу Майлз Моралес болду. Ал Человек-пауктун бир нече варианты бар ааламда жашайт.

Картинанын режиссеру аниматор Боб Персикетти болду.

Мультфильм 2018-жылдын 20-декабрында көрөрмандарга тартууланат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!