"Алгачкы адам" фильминин трейлери чыкты

12-Июнь 2018, Шейшемби, 14:59

“Universal Pictures” студиясы "Алгачкы адам" фильминин трейлерин жарыялады. Картинанын режиссеру – "Оскарга" ээ болгон Дэмьен Шазелл. Сценарийди Джош Сингер жазган.

Фильмдин сюжети Джеймс Р. Хансендин китеби менен “NASA”нын адамды Айга учурганы тууралуу хроникаларга негизделген. Астронавт Нил Армстронгдун 1961- ден 1969-жылга чейинки жашоосун камтыйт. Космонавтын ролун атактуу Райан Гослинг аткарган, анын жубайын Клэр Фой жараткан.

Ошондой эле, фильмге Джейсон Кларк, Кайл Чендлер, Патрик Фьюджит, Киаран Хайндс, Итан Эмбри, Ши Уигхэм, Кори Столл менен Пабло Шрайбер сыяктуу актерлор да тартылган.

Премьера 12-октябрга пландалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!