“Кек алуучулардын” кассалык кирешеси эки миллиард доллардан ашты

“Кек алуучулардын” кассалык кирешеси эки миллиард доллардан ашты
13-Июнь 2018, Шаршемби, 15:27

“Marvel” киностудиясынын фантастикалык блокбастеринин дүйнөдөгү кассалык кирешеси эки миллиард доллардан ашты.

Жаңы “Кек алуучулар” тарыхта мындай бийик тепкичке жеткен төртүнчү фильм болуп калды. Жана ал үчүн болгону жети жума убакыт кеткен.

Азыркы күндө тарыхтагы эң көп каражат топтогон фильмдердин катарында “Аватар” (2 млрд 788 млн доллар), “Титаник” (2 млрд 187 млн доллар) жана “Звездные войны: пробуждение силы”(2 млрд 68 млн доллар). Белгилей кетсек, “Marvel”дин фильмине үчүнчү орунга көтөрүлүүсү да мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!