“Көк-Бөрү” тасмасынын саундтреги жарыкка чыкты (видео)

 “Көк-Бөрү” тасмасынын саундтреги жарыкка чыкты (видео)
8-Авг. 2018, Шаршемби, 17:16

Көптөгөн Эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда режиссер Руслан Акундун “Көк-Бөрү” тасмасынын алгачкы саундтреги жарыкка чыкты. Интернетке чыккан клипти айрымдарды "Өтө начар, көк бөрүгө ылайыксыз музыка экен"-десе, көпчүлүгү Кайраттын үнү ырга жарашып, аткаруусу мыкты экендигин белгилешти.

Тасманы тартуу иштери май айында башталган. Тасмага казакстандык каскадерлор дагы тартылууда. Кинодо экшн, трюк, атайын эффекттер колдонулуп, улуттук оюндун чыныгы каардуу оюн экени баяндалмакчы.

Тасма 20-сентябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт

Айта кетсек, Руслан Акун буга чейин "Салам Нью Йорк", "Апамды издейм" кино тасмаларын тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!