“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат

“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
26-Сен. 2018, Шаршемби, 13:33

“Игра престолов” тасмасы тартылган Түндүк Ирландиядагы жерлер туристтер үчүн эшигин ачат. Бул чечимди НВО телеканалы кабыл алды деп билдирет “Variety” маалымат булагы.

ММКнын билдирүүсү боюнча, тасманын күйөрмандары Винтерфелде, Кара сепилде жана Падышачылыктын аймагында боло алышат. Мындан сырткары “Linen Mill Studios” павильондорун да көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 2019-жылга чейин “Thrones Legacy” деп аталган оюн-зоок аянтчасы ачылаары күтүлүүдө. HBOнун маалыматтары боюнча, «масштабы жана көлөмү боюнча аны элестетүү мүмкүн эмес».

Мындан сырткары ар бир сарайда сериал менен байланышкан кийимдер, костюмдар, курал-жарактар жана башка экспонаттар болот. Ошондой эле, ар бир аянтка тасма жана анын тартуу иштерине сүңгүп киргизген интерактивдүү жабдуулар да бар.

HBO Түндүк Ирландиянын туризм министрлиги менен туристтик багытта жана аны өнүктүрүү боюнча активдүү жумуш алып барат. Бул иш-чаралар өлкөгө туристтердин көңүлүн бурат жана акча алып келет деп күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!