“Люди Икс: Темный Феникс” фильми тууралуу

“Люди Икс: Темный Феникс” фильми тууралуу
28-Сен. 2018, Жума, 10:23

“20th Century Fox” киностудиясы “Люди Икс: Темный Феникс” фильминин Джин Грей тууралуу трейлери чыкты. Башкы ролду актриса Софи Тернер (Игра престолов) аткарган. Саймон Кинбергдин картинасы “Людях Икс”тагы эң негизги окуяны баяндап берет. Башкы каармандардын бири Джин жана анын күчтүү космостук жандык Феникс менен болгон мамилеси тууралуу.

Маалымат булагы билдиргендей, “Темный Феникс” “X-Men” комикстерине окшошуп кетет. Джин Грей тууралуу окуяны “Fox” студиясы бир нече жолу тартуулады. Сюжет боюнча, Феникс Джинге өтө чоң күч жана туруксуздук тартуулаган. Ал Феникс менен бир бүтүн болуп, космостук жандыкты контролдоого аракет кылат. Ал эми Икс адамдар өздөрүнүн эң күчтүү душманы жана ошол эле маалда досу менен күрөшүүгө аракет кылышат. Жыйынтыгы эмне менен аяктайт жакында кинотеатрлардан көрө аласыздар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!