«Унесенные ветром» тасмасынын актрисасы 102 жашка чыкты

«Унесенные ветром» тасмасынын актрисасы 102 жашка чыкты
4-Окт. 2018, Бейшемби, 11:38

Маргарет Митчелдин «Унесенные ветром» аттуу атактуу китебинин негизинде тартылган фильмдин башкы кааармандарынын бири - Оливии Де Хэвилленд (Мелани Гамильтон) быйыл 102 жашка чыкты. Бүгүнкү күндөгү бул фильмдин актерлорунун арасындагы жалгыз «тирүү легенда».

Эскерте кетсек, “Унесенные ветром” фильми 1939-жылы тартылган. Анда 1860-жылдары Түштүк Америкада болгон Жарандык согуш жана андан кийинки окуялар сүрөттөлөт. Аталган фильм 8 Оскарды жеңип алган (жана 2 сыйлык) – бул рекордго ондогон жылдар бою эч ким жете элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!