1,4 млн долларлык картина сатылгандан кийин өзүн-өзү жок кылды

1,4 млн долларлык картина сатылгандан кийин өзүн-өзү жок кылды
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:07

Аты-жөнү белгисиз каймана аты менен белгилүү сүрөтчү Бэнксинин атактуу иштеринин бири, Лондондо өткөн “Sotheby's” аукционунда сатылгандан кийин өзүн-өзү жок кылды. Бул тууралуу “Daily Mirror” маалымат булагы кабарлады.

2006-жылы сүрөчү акрил краскалары менен бир даана картина тарткан. Анын четтери оор алтын жалатылган рама менен жасалган жана анда шредер дагы орнотулган. Сүрөттө шар кармап турган кыз тартылган.

Аукцион башталардан мурда аны 250-400 миң долларга баалашкан, бирок ал 1,4 млн долларга сатылган. Качан гана сатылды деген балка урулгандан кийин, картинанын рамасындагы кагазды кескен жабдык иштеп, картинанын жарымы майда бөлүктөргө бөлүп таштаган.

“Sotheby’s”нин өкүлдөрү сатып алуучу менен байланышканда ал “таң калган”. Азыр андан аркы иш талкууланууда. Себеби, аукциондун эрежеси боюнча, эгер лотко коюлган буюм аукционго чейин зыян чеккен болсо, сатып алуучу андан баш тарта алат. Ага карабастан, азыр картинанын баасы өсүшү да мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!