“Forbes” 2018-жылдын эң коркунучтуу фильмдерин атады

“Forbes” 2018-жылдын эң коркунучтуу фильмдерин атады
1-Ноя. 2018, Бейшемби, 11:45

“Forbes” журналы “Хеллоуин” майрамына карата эң коркунучтуу фильмдердин рейтингин жарыялады. Тизменин лидери болуп "Реинкарнация" картинасы аталды. Бул режиссёр Ари Астеранын толук метраждуу дебюту болуп саналат. Ал прокатта 10 миллион бюджети менен 80 миллион доллар чогултканга жетишкен.

Ал эми экинчи тепкичте — фантастикалык триллер "Тихое место" турат.

Үчүнчү сапка "Простите за беспокойство" комедиясы ээ болгон. Кино сынчылар деспоттук дүйнө жана абсурдду алдыңкы орунга чыгаруу менен режжисёр күлкүлүү сюжеттен коркунучтуу окуяны көрсөтүүгө жардам берген деп белгилешет.

Мындан сырткары топ-5ке Дэвид Гордон Гриндин "Хеллоуин" жана Алекс Гарленданын илимий-фантастикалык хоррору "Аннигиляция" да кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!