"Айка" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү​

18-Дек. 2018, Шейшемби, 10:42

Кыргыз мигрант кыз тууралуу тарткан орусия-казакстандык режиссёр Сергей Дворцевойдун "Айка" аттуу драмасы "Оскар" сыйлыгынын "Чет тилдеги мыкты тасма" наамы үчүн ат салышкан тасмалардын тизмесине кирди. Бул тасма Казакстандын атынан көрсөтүлөт.

Бул тандамал тизмеге кирген тасмалардын катарында дагы ар кайсы өлкөдөн катышкан 8 тасма бар. Алар "Келгин куштар" (Колумбия), "Күнөөлүү" (Дания), "Авторлугу жок эмгек" (Германия), "Шоплифтерлер" (Япония), "Капернаум" (Ливан), "Рома" (Мексика), "Жалындоочу" (Туштүк Корея), "Саясий согуш" (Польша) тасмалары.

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2019-жылдын 24-февралында жарыяланат.

Ал эми "Айка" тасмасы - Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз кызынын окуясын чагылдырган драма. Анда Айка күтүүсүз жерден кош бойлуу болуп, баласын жарыкка алып келет. Жардам берип, каралаша турган адамы жок болгондуктан, жаңы төрөлгөн ымыркайын төрөт үйүнө таштап кетет. Бирок энелик сезими ага жай бербегендиктен таштап кеткен баласын издейт. Башкы ролду казак актрисасы Самал Еслямова ойнойт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Дональд Трамп экинчи ирет президент болууга ат салышат
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Кыргызстанда пенсионерлер канча акча алышат?
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
Мира Жангарачева сүрөт музейинин директору болуп дайындалды
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
​Порье: Хабибке көргүлүктү көргөзөм!
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
Интернетте тараган видео үчүн үч милиционер жазаланды
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
​Салах Египеттин мурдагы президенти Мурсинин өлүмүнө көңүл айткан жок
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
Асел Кадырбекова: Үй чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
​УЕФАнын мурдагы президенти Мишель Платини кармалды
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
Америкадагы фестивалга кыргызстандык жаш таланттар катышат
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
​Чемпиондор Лигасынын 2019/20 сезону 1-раунд чучу кулак кармалды
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Президент: Ант – бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Назира Айтбекова: Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам
Бишкекте
Бишкекте "Тенгри" аттуу ачык асман алдындагы музыкалык иш-чара өтөт
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты
Кытай инвесторлору Ысык-Көлгө туристтик база түзүү планы бар экенин айтты