Кыска метраждуу тасмалар фестивалы аяктады, кимдер жеңүүчү болду?

Кыска метраждуу тасмалар фестивалы аяктады, кимдер жеңүүчү  болду?
19-Дек. 2018, Шаршемби, 11:00

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын 8-Эл аралык фестивалы жыйынтыкталды.

Бул фестивалга КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн тасма жаратуучулары катышкан. Эл аралык сынактын жыйынтыгы боюнча молдовалык режиссёр Евгений Дудчактын "Миллиард" тасмасы мыкты деп табылган. "Мыкты режиссура" наамын өзбекстандык Шокир Холиковдун "Чай" тасмасы жеңип алды. Калыстардын атайын сыйлыгына эстониялык режиссёр Руано Полмандын "Муза" тасмасы ээ болгон.

Ал эми улуттук сынактын жыйынтыгына ылайык, Караш Жанышовдун "Кош бол", мыкты режиссура сыйлыгы Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасына ыйгарылган. Калыстардын атайын сыйлыгы Бектемир Пратовдун тасмасына тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!