“Люди в черном-4” фильминин трейлери чыкты (видео)

“Люди в черном-4” фильминин трейлери чыкты (видео)
22-Дек. 2018, Ишемби, 11:17

Социалдык желеде Крис Хемсворт башкы ролду аткарган “Люди в черном” тасмасынын трейлери жарыяланды. Ролик “YouTube”тагы “B&H Film Distribution Company” каналы жүктөгөн.

Картинанын режиссеру Ф. Гэри Грей болду. Башкы ролдордо Тесса Томпсон, Лиап Нисон жана Эмма Томпсон тартылышкан.

Фильмдеги окуялар жаңы жерде өтөт жана Барри Сонненфельддин трилогиясы менен жаңы тасманын байланышы болбойт. Ошенткени менен буга чейинки окуялар айтылбай калбайт.

Фильмдин премьерасы 2019-жылдын 13-июнунда болмокчу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!