Орусиялыктардын кыз ала качуу тууралуу сериалы талкуу жаратты

Орусиялыктардын кыз ала качуу тууралуу сериалы талкуу жаратты
25-Дек. 2018, Шейшемби, 12:35

Өткөн жылы Орусиянын телеканалдарынын бири “Брачные игры” деп аталган сериал тарткан. Тасманын алгачкы сериаларында кыргыздардын кыз ала качуу каадасы тууралуу көрсөтүлгөн.

Бул тасмада Маша аттуу орус кыз кыргыздардын кичинекей айылында жашаганы тууралуу баяндалат. Маша медициналык окуу жайда окуп, жергиликтүү карапайым кыргыздарга жардам бергени көрсөтүлөт. Бир жолу Машаны кыргыз жигиттери ала качууга аракет кылышат...

Негизи бул бул тасмада кыргыздын айылдары эмес, Крымдагы Бахчисарай шаарчасы тартылган. Ал эми кыргыздарды аткарган актерлор да корей, казак, крым татарлары болгон. Бирок, тасмадагы каармандардын аттары кыргызчаланып, кыргыздын ак калпагын, чапандарын кийгизип, кыргызга окшоштурганга аракет кылышкан. Бирок көрүүчүлөр бул сериалда Кыргызстандын айылы, кыргыз актер, актрисалары тартылбаганын билип, ар кандай пикирлерин жазышууда.

Тасманы бул жерден көрсөңүздөр болот:



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!