“Sony Pictures” “Веном”дун уландысын тартып баштады

“Sony Pictures” “Веном”дун уландысын тартып баштады
8-Янв. 2019, Шейшемби, 15:50

“Sony Pictures Entertainment” компаниясы фантастикалык боевик "Веном" тасмасынын уландысын тарта баштады. Ал “Marvel”дин комикстери боюнча жарык көргөн. Бул тууралуу “Hollywood Reporter” маалымдайт.

Басылма билдиргендей, фильмдин сценарийин Келли Марсель жазган. Ал кинолентанын биринчи бөлүгүнүн сценаристеринин бири болгон. Мындан сырткары, биринчи бөлүктөр тартылган актерлор (Том Харди жана Мишель Уильямс), уландысына да тартылышат.

“Sony Pictures” бул тууралуу эч кандай билдирүү бере элек.

Буга чейин "Веном" тасмасын “The Hollywood Reporter” журналы 2018-жылдын эң начар фильмдеринин катарына кошкон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!