Жакынкы жумада тартууланчу фильмдер

Жакынкы жумада тартууланчу фильмдер
12-Янв. 2019, Ишемби, 15:26

Венсан Кассель туура багытта баратат, Брайан Крэнстон майыптар арабасында, ал эми Майл Б. Джордан орус менен мушташууда.

Баардык тасмалар прокатка 10-январдан тартып тартуулана баштады.

«1+1. Голливудская история»

Жылы:2018

Режиссер: Нил Бёргер

Актерлор: Николь Кидман, Кевин Харт, Брайан Крэнстон ж.б

Өлкө: АКШ

Улгайган миллиардерди «Во все тяжкие» фильминде аткарган Брайан Крэнстон, ал эми уруунун ролун — Кевин Харт ойнойт.

«Темное зеркало»

Жылы: 2018

Режиссер: Асаф Брейнштейн

Актерлор: Индиа Айсли, Джейсон Айзекс, Мира Сорвино ж.б

Өлкө: АКШ

Мария жана Айрам (эгиздердин ролун Индиа Айсли аткарат), жакшы кыз жана күзгүнүн аркы бетиндеги элес. Башкы каарманды мектептеги басмырлоо жана муздак ата-энесинин айынан күзгүдөн көрүнгөн эгиздер жардам беришет. Ошентип өч алуу башталып, таптакыр башка кызга айланат. Мистикалык окуяга бай фильм сиздердин назарларыңызга кинотеатрларда сунушталууда.

«Тайна семьи монстров»

Жылы: 2018

Режиссер: Леопольдо Агиляр

Актерлор: Джонни Роуз, Кэти Ли, Фиона Хардингэм, дженифер Бет ж.б.

Өлкө: Индия Мексика

Бир күнү жаш Лукас өзгөчө бир жан экенине көзү жетет. Чындыгында ал эң чоң “Монстр”. Бул жаңылык анын жашоосун түп тамыры менен өзгөртөт. Өзүнүн ата тегин издештирүү үчүн жаш бала “Монстрлар аралына” кызыктуу жана коркунучтуу саякатка жөнөйт.

«Крид 2»

Жылы: 2018

Режиссер: Стивен Кейпл кичүүсү

Актелор: Дольф Лундгрен, Тесса Томпсон, Сильвестр Сталлоне, Майкл Б. Джордан ж.б.

Адонис Криллин кайрадан рингге кайтып келүүсү тууралуу баяндалган кинотасма. Аны атасынын досу жана легендарлуу чемпион Рокки машыктырмакчы. Эки муундун мушкерлери кайрадан жашоодогу драммасын бокстун жардамы менен чечишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР