​"Мулан" киносуна кыргыз каскадёрлору катышты (видео)

​
12-Июль 2019, Жума, 17:10

"Disney" киностудиясы тарабынан тартылган "Мулан" киносуна кыргыз каскадёрлору да катышты.

"Disney" киностудиясы "Nomad Stunts" профессионалдык каскадёрлор тобун бул киного катышууга чакырган. Мында кыргыз жана казак каскадёрлору аттар менен болгон эң башкы трюктардын баарын аткарышкан.

"Мулан" киносу Кытай жана Жаңы Зеландияда тартылып, биринчи трейлери көрсөтүлө баштады. Ал эми кинонун премьерасы 2020-жылдын 27-мартында көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, "Nomad Stunts" профессионалдык каскадёрлор тобун 2000-жылы Казакстан Республикасынын каскадёру Жайдарбек Кунгужинов түзгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!